МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№95 Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктун, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 
6-7-пункттарына, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 
8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таратуунун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, 
А.А. Карымшаковдун, У.Ш. Машаевдин, К.А. Эсеналиевдин, 
К.Ж. Тиленбаеванын аларды өз каалоолору боюнча комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгарылсын: Карымшаков Алтымыш Ажымамбетович – “Замандаш-Современник” партиясынан, Машаев Уланбек Шаршенбекович, Тиленбаева Курманжан Жумашевна, Эсеналиев Каныбек Алтымышевич – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.

2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.

        

ТӨРАГА                                                           Т. АБДРАИМОВ

            Бишкек ш, 15-август 2012-жыл

            №95

Карап чыгуулар: (1743)