МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№94 Добуш берүүнүн натыйжалары тууралу жана айыл өкмөт башчыларын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө Баткен, Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитүү жөнүндө

2012-жылдын 9-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 18-июлундагы № 92 токтому менен дайындалган Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айылдык аймагынын, Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айылдык аймагынын айыл өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлгөн.

Добуш берүүнүн натыйжалары тууралу жана шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө Баткен, Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынан түшкөн протоколдордун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 

7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
49-беренесинин 3-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын
27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобонун 38-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айылдык аймагынын, Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айылдык аймагынын айыл өкмөт башчыларын шайлоо өттү деп таанылсын.

2. Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн натыйжалары жана шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдору бекитилсин.

3. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн натыйжалары жана шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдору бекитилсин.

4. Төмөндөгү талапкерлер айыл өкмөт башчылыгына шайланды деп эсептелсин:

-Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айылдык аймагынын айыл өкмөт башчылыгына – Салихов Кеңеш Каримович;

-Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айылдык аймагынын айыл өкмөт башчылыгына – Ашыркул уулу Нурмухамед.

5. Шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр тапшырылсын.

6. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комииссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

         ТӨРАГА                                                           Т. АБДРАИМОВ

 

            Бишкек ш, 15-август 2012-жыл,

            № 94

Карап чыгуулар: (1244)