![]() №95 2013-жылдын 23-жана 28-майында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө |
2013-жылдын 23-жана 28-майында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 6-майындагы №68 жана 2013-жылдын 13-майындагы № 74 токтомдору менен дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион жана Марказ айыл өкмөттөрүнүн, Талас облусунун Манас районунун Кыргызстан айыл өкмөтүнүн, Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо өткөрүлдү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-,49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. 2013-жылдын 23-майында өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын. 2. Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин. 3. Алимбеков Махаматмуса Мамалатипович Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп эсептелинсин. 4. 2013-жылдын 23-майында өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын. 5. Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин. 6. Бегматов Камалидин Хабибиллаевич Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп эсептелинсин. 7. 2013-жылдын 23-майында өткөн Талас облусунун Манас районунун Кыргызстан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын. 8. Талас облусунун Манас районунун Кыргызстан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин. 9. Торобеков Сабит Мухамеджанович Талас облусунун Манас районунун Кыргызстан айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп эсептелинсин. 10. 2013-жылдын 23-майында өткөн Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын. 11. Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин. 12. Манапов Азизбек Кубанычбекович Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп эсептелинсин. 13. 2013-жылдын 28-майында өткөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын. 14. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын мэрин шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин. 15. Апсаматов Абдумалик Рысбекович Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын шайланган мэри деп эсептелинсин. 16. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин. 17. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 18. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 4-июну № 95 |
Карап чыгуулар: (1262) |