МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№96 Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 11-апрелиндеги ПЖ № 75 Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айылдык кеңешинин, Тоң районундагы Улахол айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2013-жылдын 26-майында өткөрүлдү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Бостери айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн – 4 көп мандаттуу шайлоо округу, Улахол айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн 5 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ысык-Көл облусунда мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктары боюнча даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок.

Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорго ылайык 21 талапкер – Бостери айылдык кеңешинин, 21 талапкер – Улахол айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланды.

Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдордун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарынын, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесиндеги 4-бөлүктүн, 40-беренесиндеги 4-бөлүктүн, 62-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2013-жылдын 26-майындагы Ысык-Көл районунун Бостери айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп табылсын.

Ысык-Көл районунун Бостери айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол бекитилсин.

2. 2013-жылдын 26-майындагы Тоң районунун Улахол айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп табылсын.

Тоң районунун Улахол айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол бекитилсин.

3. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына төмөнкү талапкерлер шайланган депутаттар деп эсептелсин (тиркеме).

Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                             Т.АБДРАИМОВ

Бишкек ш., 2013-жылдын 4-июну

№ 96

 

 

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2013-жылдын 4-июнундагы

№ 96 токтомунун

тиркемеси

 

Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештерине
шайланган депутаттардын тизмеси

 

Ысык-Көл району

Бостери айылдык кеңеши

 

  •  
  • Иманалиев Эмир Мирбекович

    267

  •  
  • Байтокова Макиш Садыбакасовна

    250

  •  
  • Алтымышов Карыпбай

    241

  •  
  • Сыдыков Эркинбек Тулебердиевич

    238

  •  
  • Мамбетов Канымет Курманбаевич

    231

  •  
  • Асеинов Кубатбек Рымович

    227

  •  
  • Орозобаков Максат Учурукович

    224

  •  
  • Шамбетов Канат Бекбосунович

    219

  •  
  • Молдоканов Женишбек Токтобекович

    219

    10.   

    Айдаралиев Улан Капарович

    211

    11.   

    Жолочуев Улан Жолучуевич

    198

    12.   

    Жылкыбаев Чыныбек  Совхозович

    178

    13.   

    Такырбашов Кубанычбек Зарлыкович

    172

    14.   

    Джапаров Алмазбек Дюшекеевич

    165

    15.   

    Молдошева Чынаркуль Апасовна

    161

    16.   

    Абдиев Камчибек Качкынович

    158

    17.   

    Капас уулу Асеин

    158

    18.   

    Сооронбаев Арстан Темирбекович

    158

    19.   

    Учкурткаев Замир Турдубекович

    153

    20.   

    Муканбаев Кубанычбек Сатындиевич

    151

    21.   

    Жусупов Алтынбек

    149

     

     Тоң району

    Улахол айылдык кеңеши

     

  •  
  • Уморова Чолпон Таштановна

    300

  •  
  • Ашымов Тынчтыкбек Желденович

    284

  •  
  • Мамбеткеримов Акылбек Токтошевич

    283

  •  
  • Кудабаев Жаныбек Султанбекович

    273

  •  
  • Амантуров Нурлан Казылович

    272

  •  
  • Атантаев Жетимиш Уйчиевич

    263

  •  
  • Кукеев Суйорбек Сейитказиевич

    255

  •  
  • Султаналиев Касымкул Токтобекович

    251

  •  
  • Тюменбаев Максатбек Букарбаевич

    240

    10.   

    Кусегенов Бактыбек Рыскельдиевич

    231

    11.   

    Кыдырмаев Айбек Сагындыкович

    224

    12.   

    Омуралиев Калысбек Шаршенбекович

    218

    13.   

    Акматов Ашым Закирович

    207

    14.   

    Садыкова Гулбарчын Каныбековна

    183

    15.   

    Эркинбаев Нуркул Орозобекович

    174

    16.   

    Токтобек уулу Руслан

    169

    17.   

    Абдыкеримов Амангелди Стынович

    165

    18.   

    Асанакунов Самат Имангазиевич

    139

    19.   

    Масылканов Таалайбек Усекеевич

    113

    20.   

    Батырканов Асылбек Шаршеевич

    105

    21.   

    Манапбаев Таалайбек Мыктыбекович

    89

    Карап чыгуулар: (1881)