МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№97 Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы ПЖ №204 Жарлыгына ылайык 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөнкүдөй шайлоо округдарын бекитти: Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылдык кеңеши боюнча –2, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңеши боюнча - 5, Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылдык кеңеши боюнча – 1.

«Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 153 токтому менен Ак-Суу районундагы № 3134 шайлоо участкасы жана Бөрү-Баш шайлоо округу боюнча, Ысык-Көл районунун Кара-Ой шайлоо округунун № 3026 шайлоо участкасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 153 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 19-январындагы №9 токтому менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 153 токтомунун 5-пунктунун Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары таануу жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитүү бөлүгү жокко чыгарылган.

«Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 15-апрелиндеги ПЖ № 77 Жарлыгына ылайык 2013-жылдын 26-майында Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылдык кеңешинин Бөрү-Баш шайлоо округу боюнча, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңешинин Батыш жана Жалгыз-Өрүк шайлоо округдары боюнча, Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылдык кеңешинин Кара-Ой шайлоо округу боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайра шайлоо өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжаларына жана добуш берүүнүн жыйынтыктарына даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок.

2012-жылдын 25-ноябрында жана 2013-жылдын 26-майында өткөрүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдордун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесиндеги 4-бөлүккө, 40-беренесиндеги
4-бөлүккө, 62-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2012-жылдын 25-ноябрындагы бир мандаттуу Черик шайлоо округу боюнча Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.

Черик бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо жагынан шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2012-жылдын 25-ноябрындагы протокол бекитилсин.

2. 2013-жылдын 26-майындагы 10 мандаттуу Бөрү-Баш шайлоо округу боюнча Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.

10 мандаттуу Бөрү-Баш шайлоо округу боюнча Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол бекитилсин.

3. 2012-жылдын 25-ноябрындагы 6 мандаттуу № 1 Кызыл-Суу, 4 мандаттуу №2 Аскер, 3 мандаттуу №3 Маданият шайлоо округдары боюнча Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.

6 мандаттуу № 1 Кызыл-Суу, 4 мандаттуу №2 Аскер, 3 мандаттуу №3 Маданият шайлоо округдары боюнча Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо жагынан шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол бекитилсин.

4. 2013-жылдын 26-майындагы 2 мандаттуу № 4 Жалгыз-Өрүк, 6 мандаттуу №5 Батыш шайлоо округдары боюнча Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.

2 мандаттуу № 4 Жалгыз-Өрүк, 6 мандаттуу №5 Батыш шайлоо округдары боюнча Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол бекитилсин.

5. 2013-жылдын 26-майындагы 11 мандаттуу №1 Кара-Ой шайлоо округу боюнча Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.

11 мандаттуу №1 Кара-Ой шайлоо округу боюнча Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилсин.

6. Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо бүтүндөй алганда өттү деп табылсын жана төмөнкү депутаттыкка талапкерлер шайланган депутаттар деп эсептелсин (№1 тиркеме).

Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.

7. Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо бүтүндөй алганда өттү деп табылсын жана төмөнкү депутаттыкка талапкерлер шайланган депутаттар деп эсептелсин (№2 тиркеме).

Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.

8. Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо бүтүндөй алганда өттү деп табылсын жана төмөнкү депутаттыкка талапкерлер шайланган депутаттар деп эсептелсин (№3 тиркеме).

Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.

9. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

10. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                             Т.АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2013-жылдын 4-июну

№ 97

 

 

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2013-жылдын 4-июнундагы

№ 97 токтомунун

№1 тиркемеси

 

Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештерине
шайланган депутаттардын тизмеси

 

Ак-Суу району

Бөрү-Баш айылдык кеңеши

 

            бир мандаттуу Черик шайлоо округу

 

1.

Турсунбаев Алмазбек Шаршеналиевич

143

 

            10 мандаттуу Бөрү-Баш шайлоо округу

 

    1.

Кыргызбаев Канатбек Толендиевич

259

2.

Ахметов Султанбек Бейшебаевич

231

3.

Абдуллаев Тынычбек Курбанович

217

4.

Азымкулов Айткул Турсуналиевич

210

5.

Джаманкеев Абдрахат Абдыбекович

188

6.

Сасыкбаев Ринат Рысбекович

185

7.

Керимахунов Ринат Жыргалбаевич

180

8.

Гапаров Рашид Бектурович

175

9.

Алымбаев Рустам Рыскелдиевич

166

10.

Ахметов Алмазбек Кыргызбаевич

163

 

 

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2013-жылдын 4-июнундагы

№ 97 токтомунун

№2 тиркемеси

 

Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештерине
шайланган депутаттардын тизмеси

 

Жети-Өгүз району

Кызыл-Суу айылдык кеңеши

 

                        6 мандаттуу № 1 Кызыл-Суу шайлоо округу

  •  
  • Сулаймбеков Турганбай Шаршеевич

    277

  •  
  • Ташматов Камчыбек Исмаилович

    177

  •  
  • Борубаев Канат Тушанович

    177

  •  
  • Аширбаев Нурлан Нурмухамедович

    170

  •  
  • Сулайманов Токтобек Асанканович

    163

  •  
  • Ишенбаев Айбек Болотович

    135

                4 мандаттуу №2 Аскер шайлоо округу

     

  •  
  • Жаманов Бактыбек Зарылбекович

    245

  •  
  • Табалдиева Светлана Омуркалаевна

    161

  •  
  • Исмаилов Курманбек Шаршеевич

    153

  •  
  • Мукамбетов Кубанычбек Садырбаевич

    129

     

    3 мандаттуу №3 Маданият шайлоо округу

  •  
  • Супатаев Канатбек Аалиевич

    158

  •  
  • Черикчиев Сабдарбек Айтбаевич

    124

  •  
  • Жетимишбаев Мурат Каленович

    95

     

    2 мандаттуу №4 Жалгыз-Өрүк шайлоо округу

  •  
  • Акматов Кылычбек Таштанбаевич

    196

  •  
  • Аскеров Бактыбек

    168

     

                            6 мандаттуу № 5 Кызыл-Суу шайлоо округу

     

  •  
  • Бекбоев Нурлан Сарткыталиевич

    299

  •  
  • Ниязов Пазылжан

    258

  •  
  • Акунов Кубанычбек Асанкалыевич

    241

  •  
  • Алымов Манас Кадырович

    225

  •  
  • Сулаймбеков Толукбай Шаршеевич

    210

  •  
  • Байтоков Абдыкадыр Курманбаевич

    200

     

     

    Кыргыз Республикасынын

    Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

    борбордук комиссиясынын

    2013-жылдын 4-июнундагы

    № 97 токтомунун

    №3 тиркемеси

     

    Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештерине
    шайланган депутаттардын тизмеси

     

    Ысык-Көл району

    Кара-Ой айылдык кеңеши

     

    11 мандаттуу №1 Кара-Ой шайлоо округу

  •  
  • Иманалиев Дамир Белекович

    636

  •  
  • Кыдыралиев Сыртбай Капарович

    518

  •  
  • Исмаилов Махмут Абырбекович

    456

  •  
  • Тюлегенов Каныбек Турсуналиевич

    442

  •  
  • Усенбеков Бакыт Усенбекович

    426

  •  
  • Бадакшанова Курманбубу Жумакановна

    380

  •  
  • Дюшебаев Улан Карыбаевич

    378

  •  
  • Ильязов Джолдошбек Токинович

    353

  •  
  • Абдыкалыков Азамат Баратбекович

    330

    10.   

    Сыргылычев Бактыбек Укаевич

    312

    11.   

    Дрожжин Анатолий Сергеевич

    307

    Карап чыгуулар: (1651)