![]() №98 Жалал-Абад облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 11-апрелиндеги № 75 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын, Көк-Жаңгак шаарынын жана Аксы районунун Кара-Жыгач жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2013-жылдын 26-майында өткөрүлдү. Шайлоону өткөрүү үчүн, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын белгилөө жөнүндөгү шайлоо комиссияларынын чечимдерине шайлоо процессинин катышуучуларынан жазуу жүзүндөгү кайрылуу (арыздар, даттануулар, актылар) келип түшкөн жок. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Майлуу-Суу, Сузак, Аксы аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан келип түшкөн протоколдордун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесиндеги 4-бөлүккө, 56-1-беренесине жана 62-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу, Көк-Жаңгак шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу, Көк-Жаңгак шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин. 2. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин. 3. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына төмөнкү талапкерлер шайланган депутаттар деп эсептелсин (тиркеме тиркелет). 4. Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин. 5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ПРЕДСЕДАТЕЛЬ Т. АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2013-жылдын 4-июну, № 98
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4 - июнундагы
Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу, Көк-Жангак шаарларынын, Аксы районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын тизмеси.
Көк-Жангак шаары
Майлуу-Суу шаары
Аксы району Кара – Жыгач айылдык кеңеши
1.Атабаев Таалайбек Ташкулович 362 2.Момунбеков Турдалы Кочкорбаевич 339 3.Дооран уулу Турдакун 305 4.Ызаканов Мамбеталы Жаркынбаевич 301 5.Алимбеков Бектур Кубатбекович 292 6.Ызабеков Дияз Саламатбекович 280 7.Назарбеков Анаралы Чиркейович 266 8.Өмүрзаков Замирбек Нарыбекович 257 9.Ызаканов Асаналы Жаркынбаевич 243 10. Балтабаев Элдияр Кочкорбаевич 231 11. Рыскулов Багыш Бакенович 228 12. Назарбеков Абдыразак Чиркеевич 225 13. Уманов Сагынбек Кочкорович 193 14. Турдубаев Муратбек Сагынович 189 15. Мазакеев Шайымбек Турдубаевич 182 16. Боромбаев Нурубек Туратбекович 178 17. Шерипбаева Дилбаркан Анарбаевна 171 18. Шерматов Токторбек Турдубаевич 163 19. Сатыбаева Акчайым Меймановна 161 20. Каратаев Эмилбек Балтабаевич 139 21. Картаев Нурдинбек Мейманалиевич /138 | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Карап чыгуулар: (1551) |