МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - ЖМК - Аккредитациялоо
Центральная избирательная комиссия

2015-жылдын 4-октябрындагы  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо, шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө

Жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан аккредитациялоого берилген документтерди карап чыккан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелеринин сакталышын контролдоо боюнча Жумушчу топтун  сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11- беренесинин 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо, № 1 тиркемеде көрсөтүлгөн Жалпыга маалымдоо каражаттары шайлоо алдындагы үгүткө катышууга акредитациялансын.
  • Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 28-июлундагы №84 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого Жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусу жана аккредитациялоосу жөнүндө” жобонун 3-пунктунун 3.5-пунктчасынын талаптарын аткарбагандыгы үчүн № 2 тиркемде көрсөтүлгөн Жалпыга маалымдоо каражаттары аккердитациялоодон баш тартылсын.
  • Бул токтом “Эркин-Тоо” гезетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  • Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн. 
  •  

    ТӨРАГА                                                                         Т. АБДРАИМОВ

    Бишкек ш., 2015-жылдын 11-августу

    № 116

    Карап чыгуулар: (2149)