![]() Кыргыз Республикасынын референдумунун жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү протоколдорду кабыл алуу жумушчу тобунун маалыматтары жөнүндө |
Борбордук шайлоо комиссисынын “Кыргыз Республикасынын референдумунун жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү протоколдорду кабыл алуу жумушчу тобунун” кабыл алуусуна 54 аймактык шайлоо комиссисынан тиешелүү аймактар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протколдор ( 2352 референдум участкаларынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протколдор) келип түштү. Участкалык референдум комиссиларынынын референдумда добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгу протоколдорун аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан кабыл алуу учурунда 13 референдум участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табылган. (Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан 2016-жылдын 16-декабрындагы №17 - чечими менен №№5389, 5390, 5391,5392, 5393, 5398, 5399, 5452 участкаларында, Ош шаардык аймактык шайлоо комииссиясы тарабынан 2016-жылдын 14-декабрындагы №36 - чечими менен №№ 5317, 5291, 5560, 5285, 5290 участкаларында). Жалал-Абад шаарынын № 2096 референдум участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы Борбордук шайлоо комиссисынын чечими менен жокко чыгарылган. Жумушчу топ тарабынан протоколдордогу камтылган маалыматтарды текшерүүнүн натыйжасында Ош облусунун Өзгөн районундагы № 5057 референдум участкасында, Кара-Суу районунундагы №№ 5205, 5237 референдум участкаларында, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы № 2007 референдум участкасында Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 32, 35, 37-беренелеринин талаптарынын бузулгандыгынын аныкталды. Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 35-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧТИ:
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш. 2016-жылдын 22-декабры №.... |
Просмотров: (1320) |