![]() Эларалык байкоочулар |
(«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренеси)
1. Эл аралык байкоочулар шайлоо дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин Президент, Жогорку Кенеш, Өкмөт, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жиберилген чакыруу болгондо, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланат. Чакырууларды жиберүү жөнүндө сунуштар шайлоо мыйзамдары жана шайлоо маселелери боюнча, ошондой эле адам укуктарын коргоо жаатында адистешкен эл аралык жана улуттук коммерциялык эмес уюмдар тарабынан берилиши мүмкүн. 2. Эл аралык байкоочунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Борбордук шайлоо комиссиясы аны аккредитацияланган күндөн тартып башталат жана шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланган күнү аяктайт. 3. Эл аралык байкоочулар ары-бери эркин жүрүүгө жана каалаган шайлоо участокторунда жана шайлоо комиссияларында болууга укуктуу. 4. Эл аралык байкоочулар төмөнкүлөргө укуктуу: 1) шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндө өз пикирин көпчүлүк алдында баяндоого; 2) басма сөз-жыйындарын өткөрүүгө жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылууга; 3) шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жашыруундуулугун бузбастан фото-, көрмө тартууну, укма жазууну жүзөгө ашырууга; 4) өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү, ал атынан чыккан уюмдун аталышы белгиленген, шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган төш белги тагынып жүрүүгө; 5) кандай гана болбосун деңгээлдеги шайлоо комиссиясынын курамдарын түзүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга; 6) шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга; 7) шайлоочуларды эсепке алуунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга; 8) шайлоону маалыматтык камсыз кылууга байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга. 5. Эл аралык байкоочулар өз статусун, шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүгө байланышпаган ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга укуксуз. 6. Эл аралык байкоочу ушул конституциялык Мыйзамды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы анын аккредитациясын чакырып алууга укуктуу. 7. Эл аралык байкоочулардын иши шайлоо мыйзамдары менен жөнгө салынат.
|
Карап чыгуулар: (6523) |