МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - Байкоочулар - Байкоочу
Центральная избирательная комиссия

Байкоочу

(«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 9-беренеси)

 

1. Талапкер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия, коммерциялык эмес уюм, мыйзамдарда белгиленген тартипте, шайлоого даярдык көрүүгө, добуш берүүнү жүргүзүүгө, добуштарды саноого, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоого байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу байкоочу дайындоого укуктуу.

2. Байкоочу ушул конституциялык Мыйзамда каралган байкоочунун укуктарына жана милдеттерине, тиешелүү шайлоо комиссиясына, аны жиберген уюмдан жолдомо келип түшкөндөн кийин ээ болот. Жолдомодо байкоочунун фамилиясы, аты жана атасынын аты, жашаган жери, ал жиберилген шайлоо участкаларынын номурлары, шайлоо комиссияларынын аталыштары көрсөтүлөт, ошондой эле анда ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган чектөөлөрдүн жок экени тууралуу жазуу жазылат. Жолдомо паспортту же аны алмаштыруучу документти көрсөткөндө жарактуу. Байкоочуну жиберүү жөнүндө алдын ала кабарлоо талап кылынбайт.

3. Жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары байкоочу болууга укуктуу.

Төмөнкүлөр байкоочу болууга укуксуз: Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаты, мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамы, шайлоо комиссиясынын мүчөсү; талапкердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрү; судьялар, прокурорлор, башка укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматчылары, аскер кызматчылары.

4. Байкоочу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) кандай гана болбосун деңгээлдеги шайлоо комиссиясынын курамын түзүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;

2) шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;

3) шайлоочуларды эсепке алуунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;

4) шайлоону маалыматтык камсыз кылууга байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;

5) шайлоо комиссиясында турган шайлоочулардын тизмеси менен, добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө арыздардын (кайрылуулардын) реестри менен таанышууга;

6) добуш берүү күнү сутканын каалаган убагында добуш берүүчү жайда болууга;

7) шайлоочулардын добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүлөрүнө катышууга;

8) көпчүлүк алдында, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндө өз пикирин баяндоого, билдирүү жасоого;

9) ары-бери эркин жүрүүгө жана кайсы гана болбосун шайлоо участкаларында жана шайлоо комиссияларында болууга;

10) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузбастан, ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген уюштуруу жана добуш берүү тартибине, анын ичинде шайлоо бюллетендеринин берилишине байкоо жүргүзүүгө; шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын, шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин, жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин санын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө; шайлоо бюллетендеринин мазмунун көрүүнү камсыз кылган аралыкта жана шарттарда шайлоочулардын добуштарын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө; шайлоочулардын добуштарын саноодо толтурулган же толтурулбаган кандай болбосун шайлоо бюллетени менен таанышууга; шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду жана башка документтерди түзүүлөрүнө байкоо жүргүзүүгө;

11) өзү жиберилген участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына, ал эми ал жокто – аны алмаштырган адамга добуш берүүнү уюштуруу маселелери боюнча сунуштар жана сын-пикирлер менен кайрылууга;

12) ал өзү жиберилген шайлоо комиссиясынын протоколу менен таанышууга;

13) шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;

14) өзү жиберилген шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга;

15) тиешелүү шайлоо комиссияларында шайлоочулардын добуштарын кайра саноого катышууга;

16) өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү, аны шайлоо комиссиясына жиберген уюмдун аталышы белгиленген, шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган төш белги тагынып жүрүүгө;

17) шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн сырын бузбастан, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууга тоскоолдук кылбастан фото- көрмө тартууну, укма жазууну жүзөгө ашырууга.

5. Байкоочу төмөнкүлөргө укуксуз:

1) шайлоочуларга шайлоо бюллетендерин берүүгө;

2) шайлоочунун өтүнүчү боюнча, шайлоочу үчүн шайлоо бюллетендерин алганына кол коюуга;

3) шайлоочунун өтүнүчү боюнча, ал үчүн шайлоо бюллетенин толтурууга;

4) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуучу аракеттерди жасоого;

5) шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жүргүзүп жаткан шайлоо бюллетендерин саноого түздөн-түз катышууга;

6) шайлоо комиссиясынын ишине тоскоолдук кылуучу аракеттерди жасоого;

7) шайлоочулардын арасында үгүт жүргүзүүгө;

8) тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан чечимдерди кабыл алууга катышууга.

6. Байкоочулардын иши шайлоо мыйзамдарында жөнгө салынат.

 

Карап чыгуулар: (9573)