![]() Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Регламенти жөнүндө |
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 –беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 16 –беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Регламенти бекитилсин (тиркелет). 2. Күчүн жоготту деп табылсын: - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2004-жылдын 19-майындагы №11 “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Регламенти жөнүндө” токтому; - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2004-жылдын 22 –октябрындагы № 71 “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Регламентине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтому.
Төрага Т. Абдраимов Бишкек ш, 2011-жылдын 13-июлу №16
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 13-июлундагы №16 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын
РЕГЛАМЕНТИ
I.Жалпы жоболор II. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана төраганын орун басарларынын ыйгарым укуктары III.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары IV. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарын өткөрүүнүн тартиби V.Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарында добуш берүүнүн тартиби VI.Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерин кабыл алуунун тартиби VII. Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин камсыздоо VIII.Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүүнү Борбордук шайлоо комиссиясынын ишке ашырышы IX.Комиссиянын ыйгарымдарына кирген Кыргыз Республикасынын Конституциясындагы жоболорду ишке ашыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын иштөө тартиби X.Регламентте каралган эсептөө тартиби XI. Корутунду жоболор
I.Жалпы жоболор
1 -Берене.
Ушул Регламент туруктуу иштеген мамлекетик орган болуп саналган, Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүнү камсыздаган жана шайлоо комиссияларынын системасын башкарган Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын (мындан ары- Борбордук шайлоо комиссиясы) иштөө тартибин жана эрежелерин аныктайт. 2- Берене Борбордук шайлоо комиссиясы юридикалык тарап болуп саналат, өзүнүн бюджетине, атайын фондуна, расмий бланкына жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрүнө, өзүнүн ишмердүүлүгүн камсыз кылган башка мөөрлөргө жана штамптарга, ошондой эле эмблемасына ээ. 3- берене Борбордук шайлоо комиссиясы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын (мындан ары- Конституция), “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депуттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, “Референдум жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, “Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, ушул Регламентти жана Кыргыз Республикасынын башка укуктук-ченемдик актыларын жетекчиликке алат 4- Берене Борбордук шайлоо комиссиясынын ишине мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде саясый партиялардын, башка юридикалык жана жеке тараптардын кийлигишүүсүнө жол берилбейт. Борбордук шайлоо комиссиясынын өзүнүн укуктарынын чегинде кабыл алган чечимдери мамлекеттик органдардын, өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык адамдары үчүн, мамлекеттик жана муниципиалдык мекемелер жана ишканалар, саясый партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, талапкерлер, демилгелүү топтун мүчөлөрү, шайлоочулар, референдумдун катышуучулары, ошондой эле төмөн турган шайлоо комиссиялары үчүн милдеттүү. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары Борбордук шайлоо комиссиясына анын өз ыйгарымдарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. Саясый партиялар жана башка коммерциялык эмес уюмдар, юридикалык башка тараптар шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан маалыматтарды жана материалдарды Борбордук шайлоо комиссиясына берип турууга милдеттүү 5 – Берене Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы беш жылдык мөөнөткө түзүлөт жана он эки мүчөдөн турат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары – Жогорку Кеңеш) Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн: курамынын үчтөн бирин – Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары – Президент) көрсөтүүсү менен, үчтөн бирин парламенттик көпчүлүктөн жана үчтөн бирин – парламенттик оппозициядан, бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан көп эмес өкүлчүлүгүн эске алуу менен шайлайт, мыйзамда каралган учурларда аларды кызматынан бошотот. 6 – Берене Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн орду бош калган учурда аны ээлөө ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгынан оруну бош калган Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүн шайлаган субъектинин көрсөтүүсү менен ишке ашырылат. 7 – Берене Борбордук шайлоо комиссиясынын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары анын биринчи жыйналышы өткөн күндөн тартып башталат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамынын биринчи укук ченемдүү жыйналышынан кийин токтотулат. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясынын курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо кампаниясы, референдумдун кампаниясы мезгилинде аяктаган учурда, анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аталган шайлоо кампаниясы, референдум кампаниясы аяктаганга чейин узартылат. Борбордук шайлоо комиссиясынын курамынын иши анын ыйгарым укуктары аяктамайынча Жогорку Кеңештин таратылышына, Жогорку Кеңештеги фракциялардын коалициясынын курамынын өзгөргөндүгүнө, Президенттин ыйгарым укуктарынын токтотулушуна жана мөөнөтүнөн мурда токтотулушуна байланыштуу токтотулууга тийиш эмес. 8 - Берене Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн статусу “Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан аныкталат. 9 – Берене Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө Кыргыз Республикасынын 25 жашка толгон, активдүү шайлоо укугуна ээ, жогорку билимдүү жараны мүчө боло алат. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө Жогорку Кеңештин Төрагасы белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берет. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло албайт: 1) Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты; 2) мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамы; 3) судья, аскер кызматчысы, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматчысы; 4) талапкер, талапкердин өкүлү; 5) төмөн турган башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү; 6) соттолгондугу алынып салынбаган же мыйзам тартибинде жокко чыгарылбаган адам; 7) башка мамлекеттин жарандуулугуна ээ адам. Борбордук шайлоо комиссиясынын курамына жакын туугандар шайлана алышпайт. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү укуктарын ишке ашырып жаткан учурда өзүнүн саясый партиядагы ишин токтотууга милдеттүү. 10 - Берене Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынан жана анын орунбасарларынан башка мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын негизги ишинен ажыратпай туруп аткарышат. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү өз ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда анын макулдугусуз башка ишке которууга же администрациянын (жумуш берүүчүнүн) демилгеси боюнча бошотулууга тийиш эмес. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө комиссияда иштөө үчүн бардык шарттар түзүлөт, бөлмө, транспорт жана комиссияда иштөө учуруна байланыш каражаттары берилет. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүн медициналык жана турмуш –тиричилик жактан тейлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүн тейлөөнүн деңгээлинде жүргүзүлөт. 11 - Берене Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жогорку Кеңештин чечимисиз, ал Президенттин кызмат ордуна талапкерликке, Жогорку Кеңештин депутаттыгына, жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучулук органынын башчылык кызматына же анын өкүлчүлүгүнө талапкерликке катталганда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн милдетин аткаруудан бошотулат. Көрсөтүлгөн учурларда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү өзүнүн ыйгарым укуктарын он күндүк мөөнөттө өткөрүп берүүгө милдеттүү. 12-Берене Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү өз ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин Жогорку Кеңеш тарабынан төмөнкү учурларда милдетинен бошотулат: 1) өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде; 2) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же аны жоготкондо, ошондой эле чет мамлекеттин жарандыгына ээ болгондо же жарандын чет мамлекеттин аймагында туруктуу жашаган укугун ырастаган аныкталган жерде жашоо укугун алганда; 3) Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары туруктуу жашоочу жерге чыгып кеткенде; 4) ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде; 5) жөндөмсүз, жөндөмдүүлүгү чектелген, кайтыш болгон же аны дайынсыз жоголгон деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде; 6) Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өлдү деп көрсөтүлгөндө; 7) Борбордук шайлоо комиссиясынын көрсөтмөсү боюнча-милдеттерин жана тапшырмаларын такай аткарбаганда; 13 – Берене Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн милдеттерин такай аткарбагандыгы туурасындагы маселени козгоп кароо укугу комиссиянын Төрагасына же Борбордук шайлоо комиссиясынын үчтөн биринен кем эмес курамына таандык. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн өз милдеттерин такай аткарбагандыгы жөнүндө чечим комиссиянын мүчөлөрүнүн бекитилген санынын үчтөн эки добушу менен кабыл алынат. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн өз милдеттерин такай аткарбагандыгы жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин үч күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштама жиберет. 14 - Берене Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий басма сөз органы болуп “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Бюллетени” эсептелет. 15 - Берене Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнчө администрациялык имаратта жайгашкан. Комиссиянын жыйналыштары анын туруктуу жайгашкан жеринде өткөрүлөт. Комиссия көчмө жыйналыштарды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алганга укугу бар.
II. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана анын орунбасарларынын ыйгарым укуктары
16 - Берене Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы:
1) Борбордук шайлоо комиссиясынын атынан мамлекеттик органдарда жана өз алдынча башкаруунун жергиликтүү органдарында, коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдарда чыгат; 2) Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин уюштурат; 3) Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарын чакырат жана аларга төрагалык кылат; 4) өз ыйгарым укуктарынын чегиндеги маселелер боюнча буйруктарды жана токтомдорду чыгарат; 5) Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдоруна жана башка документтерине кол коет; 6) Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөөнү ишке ашырат; 7) орун басарлары жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ортосундагы милдеттерди жана тапшырмаларды бөлүштүрөт; 8) Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратына жалпы жетекчиликти жүргүзөт; 9) Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын, төмөн турган шайлоо комиссияларынын штаттарынын санын, структурасын, жана чыгымдарынын сметасын бекитет; 10) Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлерин жана штаттан тышаркы кызматчыларын колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жумушка алууну жана жумуштан бошотууну жүргүзөт; 11) шайлоо комиссияларынын ишин каржылоо жана материалдык –техникалык жактан камсыздоо маселелерин чечет; 12) Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине келип түшкөн бардык сунуштар, арыздар жана даттануулар туурасында кабардар кылат; 13) “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамы тарабынан каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат; 17 - Берене Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жок болгон мезгилде (ооруганда, иш сапарда жүргөндө, эмгек өргүүсүндө ж.б. өргүүдө жүргөндө) Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын милдетин анын тапшыруусу боюнча орун басарларынын бири аткарат. III. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары 18- Берене Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү:
1) Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарынын күн тартибине каралган маселелердин зарылдыгына ылайык сунуштарын, сын пикирлерин жана оңдоолорун кийирет, маалым каттарды берет жана каралып жаткан бардык маселелер боюнча жарыш сөздөргө катышат; 2) Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына кирген жана анын жыйналыштарында каралган ар кандай маселелер боюнча добуш берүүнү өткөрүүнү талап кылганга акылуу; 3) Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарында кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда өзүнүн өзгөчө пикирине ээ болгонго жана аны кароону талап кылганга акылуу; 4) Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясый партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана жарандарды кабыл алууну жүргүзөт; 5) Борбордук шайлоо комиссиясынын тапшыруусу менен төмөн турган шайлоо комиссияларынын ишине көзөмөл жүргүзөт, өткөрүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары туурасында Борбордук шайлоо комиссиясына билдирет; 6) Шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү, Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына таандык башка маселелер боюнча ченемдик укуктук жана башка актыларды даярдоого катышат; 7) Борбордук шайлоо комиссиясынын жана төмөн турган шайлоо комиссияларынын шайлоолор, референдумдар менен түздөн түз байланышкан документтери жана материалдары менен таанышат, алардын көчүрмөсүн алат (мыйзам тарабынан бекитилген тартипте жашыруун маалыматтарды камтыгандарга киргизилген документтер жана материалдардан башкасын); 8) “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамы тарабынан каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат. 19 - Берене Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык кеңешмелерине жана жыйналыштарына катышууга; 2) Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарына жүйөөлүү себептер (ооруп калып, убактылуу эмгекке жарамсыздыгын ырастаган баракчасы болсо; Эмгек кодексине ылайык эмгек өргүүсүндө же башка өргүүдө болсо, ушул Регламентте каралган башка себептер боюнча) менен катышууга мүмкүн болбогон учурда бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына күн мурунтан билдирүүгө; 3) төмөн турган шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуп үйрөтүүгө; 4) Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын тапшырмаларын аткарууга.
IV. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарын өткөрүүнүн тартиби 20 –Берене Борбордук шайлоо комиссиясы өз ишин мыйзамдуулук, айкындуулук, ачыктык, көз карандысыздык, коллегиалдуулук, адилеттүүлүк принциптеринде жүргүзөт. 21 –Берене Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү өзүнүн биринчи жыйналышына шайлангандан кийинки 5 календарлык күндөн кечикпей чогулушат. Борбордук шайлоо комиссиясынын биринчи жыйналышы Борбордук шайлоо комиссиясынын бекитилген курамынын үчтөн экиси катышкан учурда укук ченемдүү деп эсептелет жана жаш курагы боюнча мүчөлөрдүн улуусу тарабынан алып барылат. 22-Берене Борбордук шайлоо комиссиясынын биринчи жыйналышында: 1) төрагалык кылуучу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн көрсөтөт; 2) катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясынын үч мүчөсүнүн курамында эсептөө комиссиясы түзүлөт; 3) Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын жана анын эки орун басарын шайлоо өткөрүлөт. Биринчи жыйналышты, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын жана анын эки орун басарын шайлоону уюштурууну камсыздоо Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратына жүктөлөт. 23 -Берене Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышы (мындан ары- жыйналыш) төрага тарабынан жана ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын үчтөн биринен кем эмес мүчөлөрүнүн талабы боюнча чакырылат. Шайлоолорду, рефрендумдарды өткөрүүнү даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жыйналыштар жумасына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштары жана күн тартиби жөнүндө алдын ала кабарландырылат.
24 - Берене Жыйналыш Борбордук шайлоо комиссиясынын бекитилген курамынын көпчүлүк мүчөлөрү катышкан учурда ыйгарым укуктуу болуп эсептелет. Жыйналышка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, талапкердин, саясый партиянын, коммерциялык эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, талапкерлер, демилгелүү топтун мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар катышууга укуктуу. Сунуштар, арыздар жана дооматтар жыйналышта каралганда кызыкдар тараптар, алардын өкүлдөрү катышууга укуктуу. 25 – Берене Жүйөөлүү себептер менен Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышына катыша албай калган комиссиянын мүчөсү күн тартиби жана Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери менен алдын ала тааныша алат жана өз сунуштарын жазуу жүзүндө калтыра алат. Мындай учурларда Борбордук комиссиянын мүчөсү добуш берди деп эсептелинет. Жыйналыш башталганга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн жана чакырылган адамдарды каттоо жүргүзүлөт, анын натыйжалары Комиссиянын төрагасы тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышын ачуунун алдыда жарыяланат. 26 – Берене Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышына аппарат жетекчиси, төраганын кеңешчиси, Борбордук шайлоо комиссиясынын структуралык бөлүмдөрүнүн башчылары, ошондой эле жыйналыштын күн тартиби боюнча чечимдердин долбоорлорун даярдаган Борбордук шайлоо комиссиясынын аппараттынын кызматкерлери катышууга милдеттүү. 27 – Берене Комиссиянын жыйналышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн кабардар кылуу Комиссиянын аппараты тарабынан, эреже катары, жыйналышка чейинки үч күндөн кем эмес убакытта камсыз кылынат. Шайлоо кампаниясынын жана референдум өткөрүү боюнча кампаниялардын учурунда кабар берүү жыйналыш өтө турган күнү жүргүзүлүшү мүмкүн. Комиссиянын жыйналышынын күн тартиби аппарат жетекчиси тарабынан даярдалат, документтердин долбоорлору Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө таанышуу үчүн эреже катары, жыйналыш башталганга чейин үч күн мурда таратылып берилет. Шайлоо кампаниясынын жана референдум өткөрүү боюнча кампаниялардын учурунда документтер жыйналыш өткөн күнү берилиши мүмкүн. Комиссиянын жыйналышына даярдалган документтердин долбоорлору аткаруучу, тийиштүү структуралык бөлүмдөр, милдеттүү түрдө юридикалык бөлүм, төраганын кеңешчиси жана аппараттын жетекчиси тарабынан визаланат. 28 – Берене Төрага Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында: -Комиссиянын жыйналышын алып барат; -Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышынын күн тартибиндеги маселелерди талкуулоону уюштурат, аларды добуш берүүгө коет; -келип түшкөн суроо өтүнүчтөргө кезек тартибинде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө жана чакырылган адамдарга сөз берет; -кезек тартибинде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнөн келип түшкөн бардык сунуштарды добушка коет; -добуштарды саноону уюштурат жана добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялайт; -добуш берүү учурунда акыркы болуп добуш берет; -ушул Регламенттин жоболорун Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана чакырылган адамдар тарабынан сакталышын камсыз кылат; - жыйналыштын катышуучуларына эскертүү берүүгө, Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышынын ишине тоскоол болгон чакырылган адамдарды жыйналыш залынан чыгарып жиберүүгө укуктуу. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы, маселелерди талкуулоого катышып жатып, зарыл болгон учурларда түшүндүрмөлөрдү берет, акыркы болуп сүйлөйт, комиссиянын мүчөлөрү жана чакырылган адамдар сөз сүйлөп жатканда алардын айткандарына, бекитилген күн тартибинен четтеп кеткен учурларды кошпогондо, комментарийлерди бергенге укугу жок. 29 - Берене Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштары мамлекеттик жана расмий тилдерде өткөрүлөт. Комиссиянын мүчөлөрү өз пикирлерин өзүлөрүнө ыңгайлуу болгон тилде билдире алышат. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарында протокол жүргүзүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышынын протоколунда: күн тартиби, жыйналышка катышкан Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана чакырылгандардын аты жөнү, добуш берүүнүн жыйынтыктары, сүйлөнгөн сөздөрдүн кыскача мазмуну, кабыл алынган чечимдер көрсөтүлөт. Протоколго жыйналыштын жүрүшүндө кабыл алынган Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдору, жоболор, нускамалар ж.б. ченемдик актылар, ошондой эле түшүндүрмөлөр, Борбордук шайлоо комиссиясына жолдонгон арыздар жана кайрылуулар, маалымдамалар, күн тартибинде каралган маселелер боюнча отчеттор (бар болсо) тиркелет. Борбордук шайлоо комиссиясынын протоколуна Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышына төрагалык кылган адам кол коет. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарын стенографиялоо же үн жазгычка жазуу колдонулушу мүмкүн. Үн жазгычты колдонуу учурунда ар бир чыгып сүйлөгөн адам сүйлөөрдөн мурда өзүнүн аты жөнүн атоого милдеттүү. 30 – Берене Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышындагы баяндамалардын, кошумча баяндамалардын, корутунду сөздүн жана башка чыгып сүйлөөлөрдүн узактыгы баяндамачылар жана кошумча баяндама жасоочулар менен макулдашылган тартипте белгиленет жана алар: эгерде Комиссиянын чечимдери менен башкача белгиленбесе - баяндама үчүн 20 мүнөттөн, кошумча баяндама үчүн 10 мүнөттөн, корутунду сөз үчүн 5 мүнөттөн, чыгып сүйлөө үчүн 3 мүнөттөн, маалымат берүү, кайрылуулар үчүн 2 мүнөттөн ашпоого тийиш. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү бир эле маселе боюнча эки жолудан ашык эмес чыгып сүйлөгөнгө акылуу. 31 - Берене Борбордук шайлоо комиссиясынын кароосуна кийирилип жаткан маселелерди даярдоо үчүн Комиссия мүчөлөрүнүн ичинен, Комиссиянын аппарат кызматкерлеринен, адистерден жана эксперттерден жумушчу топтор түзүлүшү мүмкүн. V. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында добуш берүүнүн тартиби 32 – Берене Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери анын жыйналышында ачык же жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. Ачык добуш берүү Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн кол көтөрүү жолу менен, жашыруун добуш берүү – бюллетендерди пайдалануу жолу менен жүргүзүлөт. Ачык же жашыруун добуш берүү жөнүндөгү маселе Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан чечилет. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү жүйөөлүү себептер менен жыйналышка катышпай калса, ушул регламенттин 25 – беренесинин 2 –абзацынын талаптарына ылайык комиссиянын жыйналышынын материалдары менен алдын ала таанышып, өзүнүн чечимин кат жүзүндө калтырат, ал чечим долбоорго добуш берүү учурунда эске алынат. 33 - Берене Добуш берүү учурунда Төрага, Төраганын орун басарлары, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү бир добушка ээ. Жыйналышка катышкан Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү добуш берүүдөн баш тартууга укугу жок. Өзгөчө пикири бар Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алган чечим боюнча өзүнүн өзгөчө пикирин кат жүзүндө берүүгө укугу бар, ал Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан каралып, протоколго түшүрүлүшү, ага тиркелиши керек. VI. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерди кабыл алуусунун тартиби 34 – Берене Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы тарабынан “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамда белгиленген тартипте кабыл алынат. Борбордук шайлоо комиссиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Регламентин кабыл алуу, шайлоолорду, референдумдары даярдоо жана өткөрүүнү каржылоону камсыздоо маселелери боюнча, талапкерлерди жана алардын тизмесин, демилгелүү топту каттоо жөнүндө, талапкерлерди, талапкелердин тизмесин, демилгелүү топту каттоону жокко чыгаруу, талапкерликке, талапкерлердин тизмесин, демилгелүү топту каттоодон баш тартуу, шайлоолордун жана референдумдардын жыйынтыгы жөнүндө, шайлоолор жана референдумдар болбой калды же жараксыз деп табуу жөнүндө, кайталап добуш берүү же кайталап шайлоо, төмөн турган шайлоо комиссиясынын чечимдерин жокко чыгаруу тууралуу, төмөн турган шайлоо комиссияларын таратуу жөнүндөгү чечимдер Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында мүчөлөрүнүн бекитилген санынын үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынат. Борбордук шайлоо комиссиясынын башка маселелер боюнча чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген санынын көпчүлүк добуш берүүсү менен кабыл алынат. Төрагалык кылуучу жарыялаган бардык башка маселелер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы жыйналыштын протоколуна киргизет. 35 – Берене Борбордук шайлоо комиссиясы анын мүчөсүнүн талабы боюнча, анын компетенциясына кирген жана бекитилген күн тартибине ылайык жыйналышта каралып жаткан кандай гана маселе болбосун добуш берүүнү өткөрүүгө милдеттүү. 36 – Берене Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери жана токтомдору катары калыптандырылып, Комиссиянын төрагасы же анын милдетин аткарган адам тарабынан кол коюлат. Шайлоо жана референдум жөнүндө мыйзамдарды колдонуу маселелери боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы чыгарган нускамалар жана ченемдик актылар анын токтомдору менен бекитилет. 37 - Берене Шайлоолордун жана референдумдардын жыйынтыктары жөнүндөгү Борбордук шайлоо комиссиясынын протколдоруна Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышка катышкан бардык мүчөлөрү кол коюшат. 38 – Берене Жыйналышта кабыл алынган чечим жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзамда бекитилген мөөнөттө жана тартипте арыз берүүчүнү жана кызыкдар тараптарды кабардар кылат жана алардын өтүнүчү боюнча чечимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берет. 39 - Берене Чечимдин же токтомдун долбоорун кароодо Борбордук шайлоо комиссиясы талкууланып жаткан маселе боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн же жумушчу тобунун, аталган долбоорду даярдаган аппараттын кызматкерлеринин маалыматын угат жана талкуулоону жүргүзөт. Талкуулангандан кийин чечимдин же токтомдун долбоору “негизинен” же “жалпысынан” добуш берүүгө коюлат. Комиссиянын мүчөлөрүнүн чечими боюнча долбоор пункттар же бөлүктөр боюнча добушка коюлушу мүмкүн. Түзөтүү кийирилбеген чечимдин же токтомдун долбоору “жалпысынан” добушка коюлат. Түзөтүүлөр чыгып калган учурда адегенде долбоордо каралган вариант боюнча коюлат, андан кийин келип түшкөнүнө ылайык, кийирилген түзөтүүлөрдүн варианты коюлат. Добуш берүү добуштардын бекитилген саны менен чечим кабыл алынган учурдан тартып токтотулат жана түзөтүүлөрдүн калган варианттары боюнча добуш берүү жүргүзүлбөйт. Добуш берүүгө Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы же мүчөлөрү киргизген түзөтүүлөр жана толуктоолор гана коюлат. Борбордук шайлоо комиссиясынын укугу: -чечимдин же токтомдун долбоорун кабыл алууга же четке кагууга, анын талкууланышын кезектеги жыйналышка чейин токтото турууга; -токтомдун долбоорун “негиз катары” кабыл алып, аны Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө (жумушчу топко), аталган долбоорду даярдаган аппараттын кызматкерлерине толуктоо үчүн жиберүүгө, ошондой эле аны толуктоого Борбордук шайлоо комиссиясынын башка мүчөлөрүн, аппараттын кызматкерлерин, адистерди тартууга. Кайрадан карап чыгуу учурунда чечимдин же токтомдун долбооруна анын биринчи талкууланышында келип түшкөн оңдоолор кийирилет. Жаңы маалыматтар келип түшкөн учурда же башка кырдаалдарда Борбордук шайлоо комиссиясы мурдакы кабыл алынган чечимди кайрадан талкууга алууга кайрылышы мүмкүн. Кабыл алынган чечим же токтом эки күндүн ичинде, жыйналыштын протоколу үч күн ичинде калыптандырылат. 40 - Берене Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери 24 саат ичинде Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыяланат жана жайгаштырылат. Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдору расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 41 - Берене Борбордук шайлоо комиссиясынын Конституцияга, мыйзамдарга каршы келген же белгиленген ыйгарым укуктардан аша чаап кабыл алынган чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан же соттук тартипте жокко чыгарылууга тийиш. 42 – Берене Борбордук шайлоо комиссия кабыл алган токтомдор, жоболор, нускамалар ж.б. ченемдик актылар көпчүлүктүн көңүлүнө “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Бюллетени”, ошондой эле керек болгондо жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жеткирилет. VII. Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин камсыздоо 43 – Берене Борбордук шайлоо комиссиясынын уюштуруу- методикалык, маалыматтык –аналитикалык, материалдык – техникалык ишин камсыздоону Борбордук шайлооо комиссиясынын аппараты ишке ашырат. Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратына жетекчиликти Борбордук шайлоо комиссиянын аппаратынын башчысы жүргүзөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп эсептелишет. Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын уюмдук структурасын жана штаттык санын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы аныктайт. 44 - Берене
Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлеринин укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги, ошондой эле мамлекеттик кызмат өтөөсүнүн шарттары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамдары жана Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы бекиткен кызматтык нускамалар менен аныкталат. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан иштерге эмгек макулдашуусу боюнча, акылары Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгымдарынын сметасы менен аныкталган штаттан тышкаркы кызматкерлерди (адистерди) тарта алат. Эмгектик келишимде Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамына ылайык ишке тартылган кызматкердин ишинин шарттары, мөөнөтү, акысы сүйлөшүлөт. VIII. Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүүнү Борбордук шайлоо комиссиясынын ишке ашырышы 45 – Берене Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын шайлоолорду жана референдумдарды даярдоону, өткөрүүнү жөнгө салган бөлүгү бузулгандыгы жөнүндө сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды карап чыгууга, алар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана арыздануучуларга мыйзамда белгиленген мөөнөттө жооп берүүгө милдеттүү. 46 - Берене Сунуштарды, арыздарды, даттанууларды кароону Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы уюштурат. Комиссиянын төрагасы сунуштарды, арыздарды, даттанууларды кароону Комиссиянын мүчөсүнө, аппараттын кызматкерине же тийиштүү шайлоо комиссиясына тапшырат. Арыз же даттанууларды кароодо комиссиянын төрагасы зарыл болгон учурда тийиштүү адистерди тартуу менен жумушчу тобун түзүшү мүмкүн. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Комиссиянын мүчөлөрүн Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине келип түшкөн бардык сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кабардар кылат. Комиссиянын мүчөлөрүнө сунуштар, арыздар, даттануулар боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө жылына эки жолудан кем эмес жалпыланган маалымат берилип турат. 47 – Берене Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы келип түшкөн сунуштарды, арыздарды, даттанууларды Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарынын кароосуна кое алат. Борбордук шайлоо комиссиясынын сунуштарды, арыздарды, даттанууларды караган жыйналыштарына кызыкдар тараптар катышууга укуктуу. Борбордук шайлоо комиссиясы арыздарды, даттанууларды тийиштүү укук коргоо же мамлекеттик башка органдардын кароосуна жөнөтүүгө укуктуу. 48 – Берене Арыздарды, даттанууларды кароо, ошондой эле зарыл болгон учурларда алар боюнча кошумча текшерүүлөрдү жүргүзүү Кыргыз Республикасынын шайлоолор жана референдум жөнүндө мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө ишке ашырылат. Жыйналышта кабыл алынган чечим туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы арыз берүүчүлөрдү же кызыкдар тараптардын өкүлдөрүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө кабардар кылат, алардын өтүнүчү боюнча чечимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берет. IX. Комиссиянын ыйгарымдарына кирген Кыргыз Республикасынын Конституциясындагы жоболорду ишке ашыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын иштөө тартиби 49 – Берене Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Констиуциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарын сактоодогу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу менен байланышкан маселелерди карайт. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча бул маселелерди даярдоо үчүн зарыл болгон учурда компетенттүү адистерди тартуу менен атайын комиссия түзүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясы мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, алардын кызматтык адамдарынан тийиштүү документтерди жана маалыматтарды сурап алганга укуктуу. 50 – Берене Борбордук шайлоо комиссиясы келип түшкөн документтердин негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73 – беренесинин 3 – бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алат. X. Регламент тарабынан каралган эсептөөлөрдүн тартиб 51 – Берене Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына кирген чечимдерди кабыл алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы жөнүндөгү” Мыйзамы тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бекитилген санына карата добуштардын керектүү болгон саны белгиленген. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бекитилген саны - 12 Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бекитилген санынын үчтөн экисин талап кылган чечимдер 8 добуш менен кабыл алынды деп эсептелинет. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бекитилген санынын көпчүлүк добушун талап кылган чечимдер 7 добуш менен кабыл алынды деп эсептелинет. Борбордук шайлоо комиссиясынын курамынын үчтөн бирин Борбордук шайлоо комиссиясынын 4 мүчөсү түзөт. XI. Корутунду жоболор 52 – Берене Комиссиянын Реламенти, ага кийирилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бекитилген санынын үчтөн экиси менен кабыл алынат. 53 – Берене Борбордук шайлоо комиссиясынын Регламенти аны кабыл алган күндөн тартып күчүнө кирет.
|
Карап чыгуулар: (4103) |