![]() №27 Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясынын иш-аракети жөнүндө |
“Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясынын иш- аракети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жумушчу тобу берген маалымкаттын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24 - беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясы таркатылсын. 2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2012-жылдын 2-февралы № 27 |
Карап чыгуулар: (1878) |