![]() №1 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.У.Асымбекованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 24-декабрындагы ПЖ ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ар-Намыс” саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Асымбекова Гульнара Уметовнанын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун. 2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Асымбекова Гульнара Уметовнанын № 062 күбөлүгү жараксыз деп табылсын. 3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.
Төрага Т.Абдраимов Бишкек ш., 2012-жылдын 11-январы № 1 |
Карап чыгуулар: (1971) |