![]() №20 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.С.Атаджановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 19-январындагы № 80 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.С.Атаджанов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токтой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун кызматына дайындалгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн анын арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Атаджанов Сабир Садыкджановичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун. 2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Атаджанов Сабир Садыкджановичтин № 033 күбөлүгү жараксыз деп табылсын. 3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.
Төрага Т.Абдраимов Бишкек ш., 2012-жылдын 31-январы №20 |
Карап чыгуулар: (1995) |