![]() Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин 2011-жылдын 15-апрелиндеги №218 К.С.Асанов тууралуу Буйрутмасынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-пунктун, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктчасын, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 8-пунктун, 5-беренесинин 1-пунктунун 3-28-пунктчаларын, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Асанов Курсан Сатаровичтин ыйгарым укуктары, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга мүмкүн болбогон башка кызматка өткөнгө байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулсун. 2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Асановдун №041 күбөлүгү жараксыз деп табылсын. 3. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын. 4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА А. САРИЕВ
Бишкек ш, 2011-жылдын 21- апрели №20 |
Карап чыгуулар: (1835) |