![]() Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө |
Борбордук шайлоо комиссиясына чык. №Ф-66 04.02.11-ж., депутат Ш.Мажитованын кат жүзүндөгү арыздарынын негизинде фракциянын курамынан чыгаруу жана депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” депутаттык фракциясынын чечими жана “Ш. Мажитованы “Ата Журт” депутаттык фракциясынын курамынан чыгаруу жөнүндө” “Ата Журт” депутаттык фракциясынын 2011-жылдын 4-мартындагы №44/15 чечимин жөнөтүү жөнүндө кайрылуу келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-пунктунун 1-пунктчасын, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 3-28-пунктчаларын, 7-беренесинин 8-пунктун, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
токтом кылат
Төрага А.Сариев Бишкек шаары, 9-март 2011-жыл №13
|
Карап чыгуулар: (1757) |