![]() № 1 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргызстан” парламенттик фракциясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Эсенаманова Чолпон Замирбековнанын, Джумалиева Эльмира Бусурманкуловнанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арыздары боюнча кабыл алынган 2015-жылдын 22-декабрындагы №19 чечиминин жана Сапарбаев Жоомарт Рахатовичтин ыйгарым укуктарын өзүнөн алып салуу жөнүндө арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткорүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. “Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмеси боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Эсенаманова Чолпон Замирбековнанын, Джумалиева Эльмира Бусурманкуловнанын жана “Ата Мекен” саясий социалистик партиясынын талапкерлеринин тизмеси боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сапарбаев Жоомарт Рахатовичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун. 2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Эсенаманова Чолпон Замирбековнанын, Джумалиева Эльмира Бусурманкуловнанын жана Сапарбаев Жоомарт Рахатовичтин күбөлүктөрү ушул токтом күчүнө киргенден тартып жараксыз деп табылсын. 3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин. 4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.А. Акматовго жүктөлсүн.
Төраганын ыйгарым укуктарын аткаруучу А. Шайымкулова Бишкек ш., 2016-жылдын 11-январы №1 |
Карап чыгуулар: (1346) |