![]() Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер З.И.Кудабаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарымдарын токтотуу жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер З.И.Кудабаевдин 2011-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына берген арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 19-беренесинин 9-бөлүгүн жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер З.И.Кудабаевдин төмөндөгү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарымдары токтотулсун: - Абдракманова Айнур Садырбековна; - Шукуров Уметалы; - Табалдиев Эрлан Табылганбекович; - Абдракманов Кубатбек Садырбекович; - Досумов Бакыт Жолдошбекович. 2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жайгаштырылсын. 3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2011-жылдын 12-сентябры № 248 |
Карап чыгуулар: (1836) |