МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Чолпон Ата, Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарларынын мэрлерин кайрадан шайлоону дайындоо жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2 – пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 3-бөлүгүнө, 65-беренесинин 2-1-бөлүктөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Чолпон Ата, Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарларынын мэрлерин кайрадан шайлоо 2012-жылдын 20-январына дайындалсын.

2. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы,  Жалал-Абад облусунун Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына  ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

3.  Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

            ТӨРАГА                                                                  Т. АБДРАИМОВ

Бишкек ш. 2011-жылдын 27-декабры

№425

 

Карап чыгуулар: (1584)