МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - Мыйзамдар - КР Президентинин Жарлыктары жана КР Жогорку Кеңештин Токтомдору
Центральная избирательная комиссия

"Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтому

Кыргыз Республнкасынын Конституциясынын 74-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республнкасынын Жогорку Кецеши

токтом  кылат: 

1. Кыргыз Республнкасынын Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалсын.

2. Кыргыз Республнкасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:

-шайлоону колдонуудагы Кыргыз Республнкасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү камсыз кылсын;

-төмөнкүлөр боюнча чараларды көрсүн:

катталган шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды түзүү жана тактоо менен шайлоочулардын тизмесин оперативдүү түзүү;

шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу;

шайлоо тизмелеринде бар экендиги жөнүндүө шайлоочуларга кабарлоо;

шайлоо дареги боюнча добуш берүүгө укук жөнүндө шайлоочулар арасында маалымдоо-түшүндүрүү иштерин уюштуруу;

-Жогорку Кеңешке төмөнкү мөөнөттөрдө: 2011-жылдын 9-сентябрында, 23-сентябрында, 7-октябрында жана 28-октябрында шайлоо участокторун кыдырата республика боюнча шайлоочулардын тизмесин  түзүүнүн жүрүшү жана анын  маалымат  берүү  убагындагы сапаттык абалы жөнүндө маалыматтарды  мезгил-мезгили  менен берип туруу.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылуунун каржылык маселелерин чечсин.

4. Караштуулугунда тышкы иштер, коргоо, ички иштер, билим берү жана илим, саламаттык сактоо, эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция, калкты социалдык коргоо маселелери болгон министрликтер, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, жергиликтуу мамлекеттик администрациялар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары Кыргыз Республикасынын жарандарын шайлоочулардын тизмесине киргизүү жөнүндө, шайлоочулардын тизмелериндеги маалыматтарды тактоо тууралуу маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтсүн жана катталган жарандарга тиешелүү болгон ар кандай маалыматты жазуу жүзүндөгү суроо-талап боюнча шайлоо комиссияларына берсин.

5. Стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринин, шек саналгандарды жана күнөөлөнгөндөрдү камакта кармоо жерлеринин жетекчилери ал мекемелерде убактылуу жүргөн шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды түзсүн жана аларды добуш берүү күнүнө чейин 12 календарлык күндөн кечиктирбестен тиешелүү участоктук шайлоо комиссиясына өткөрүп берсин.

6.Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:

-Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн Кыргыз Республикасынын шайлоочуларынын арасында алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген шайлоо укуктарын ишке ашырышынын шарттары жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү ишин жүргуүзсүн;

-тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин жетекчилери тарабынан түзүлгөн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүрүү менен консулдук эсепке турган шайлоочулар жөнүндө жана кийин 2011-жылдын 20-октябрына чейин консулдук эсепке Кыргыз Республикасынын шайлоочуларынын тургандыгы боюнча маалыматтарды добуш берүү күнүнө 50 календарлык күн калгандан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына берсин.

7.Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылсын.

8.Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып эки календарлык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

9.Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага                                                                                     А. Келдибеков

2011 жылдын 30 июну 

Карап чыгуулар: (4519)