![]() Шайлоочу - аскер кызматчылары, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана аскердик бөлүктүн аймагында жашаган башка шайлоочулардын добуш берүү тартиби жөнүндө |
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, шайлоо мыйзамдарынын талаптарын ченемдерин бирдей пайдаланууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ 1. Шайлоочу - аскер кызматчылары, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана аскердик бөлүктүн аймагында жашаган башка шайлоочулардын добуш берүү тартиби бекитилсин (тиркелет). 2. Ушул токтом аймактык шайлоо комиссияларына жиберилсин. 3. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын. 4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2011-жылдын 11-октябры № 360
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 11-октябрындагы № 360 токтомуна тиркеме
Шайлоочу - аскер кызматчыларынын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана аскердик бөлүктүн аймагында жашаган башка шайлоочулардын добуш берүү тартиби Шайлоочу - аскер кызматчыларынын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана аскердик бөлүктүн аймагында жашаган башка шайлоочулардын тизмеси паспортторунун көчүрмөсү менен (өзгөчө учурларда жеке номерин (ИНН) көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынан алынган паспорттук маалыматтар менен) толтурулган № 2 формасын тиркеп (шайлоо дареги жөнүндө арыз), шайлоочулар жөнүндө маалыматтардын негизинде түзүлөт жана шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн добуш берүү күнүнө чейин 12 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына аскердик бөлүктүн командири тарабынан берилет. Шайлоочулардын тизмесине аскердик бөлүктүн командири кол коюп, аскердик бөлүктүн мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоочу - аскер кызматчыларын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жана аскердик бөлүктүн аймагында жашаган башка шайлоочуларды аймагында аскердик бөлүк жайгашкан шайлоо участкасына жазып каттайт. Аймактык шайлоо комиссиясы көрсөтүлгөн шайлоочуларды шайлоо дареги боюнча шайлоо участкасындагы шайлоочулардын тизмесине киргизүүгө жана бул тууралуу аскердик бөлүктүн командири аркылуу көрсөтүлгөн шайлоочуларга кабарлоого милдеттүү. Бул маалыматтар шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасына киргизилет. Бөлүктүн командири добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен участкалык шайлоо комиссиясына калктуу конуштардан обочолонгон, алые жерлерде жайгашкан аскер бөлүктөрүндө добуш берүү күнүндө кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын добуш берүүсү үчүн, эгерде алар убактылуу келген жер добуш берүү үчүн жайгашуусу боюнча туруктуу жашаган аймактагы шайлоо комиссиясына кирсе добуш берүү жайынан сырткары аларга добуш берүү мүмкүндүгүн берүү жөнүндө арыз берет. Калган шайлоочулар шайлоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык жалпы негиздерде добуш беришет. Добуш берүүчү жайдан сырткары добуш берүү ошол күнгө чейин бир гана календардык күн мурда жана жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде гана жүргүзүлөт. Добуш берүүчү жайдан сырткары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө арызда шайлоочу добуш берүү жайына келе албай тургандыгынын себеби жана шайлоочу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш. |
Карап чыгуулар: (1547) |