МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

Саясий партияларга мамлекеттик телерадио берүү уюмдарынын каналдарында акысыз эфирдик убакытты жана мамлекеттик басмасөз басылмаларда басылма аянттарын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөрүү тартиби жөнүндө

“Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 30-беренесинин 16-пунктуна, 32- беренесинин 1-,2-,3-пункттарына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү мезгилинде бардык саясий партияларга бирдей шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

 

ТОКТОМ    КЫЛАТ

 

1. Саясий партияларга мамлекеттик телерадио берүү уюмдарынын каналдарында акысыз эфирдик убакытты жана мамлекеттик басмасөз басылмаларда басылма аянттарын  бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөрүү Тартиби  бекитилсин (тиркелет).

2. Бул Тартип “Эркин Тоо” газетасында жарыялансын.

3. Бардык деңгээлдердеги шайлоо комиссиялары өз ыйгарым укуктарынын чектеринде ушул Тартиптин талаптарынын жүзөгө ашырылышына жана сакталышына контролдукту камсыз кылсын.

 

 

 

ТӨРАГА                                                           А.САРИЕВ

Бишкек ш., 2010- жылдын 12 -сентябры

№241

 

 

 

 

Карап чыгуулар: (1256)