![]() Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Казакбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Казакбаевден 2011-жылдын 10-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына түшкөн арызды карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 9-бөлүгүн жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 29-июлундагы №63 жана 2011-жылдын 4-августундагы №80 токтомдору менен катталган, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Казакбаевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулсун: - Кочкоров Романбек Эстебесовичтин, 1971-жылы туулган; - Каныметов Эдилбек Молжигитовичтин, 1965-жылы туулган. 2. Кочкоров Романбек Эстебесовичке жана Каныметов Эдилбек Молжигитовичке берлиген 2011-жылдын 29-июлундагы № 1 жана 2011-жылдын 4-августундагы № 2 каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын. 3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин берген документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж. А. Акматовко жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2011-жылдын 15-августу № 124 |
Карап чыгуулар: (1842) |