МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

Айрым шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө

№015 (Челябинск ш., РФ), №016 (Новосибирск ш.,) шайлоо участкаларынан келип түшкөн шайлоо документтерин текшерүүнүн натыйжалары боюнча “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин  23-беренесинин 5-пунктунун, 40-беренесинин 3, 4-пункттарынын талаптарын бузууларга жол берилген, ал шайлоочулардын добуш берүү жыйынтыктарын так аныктоого мүмкүндүк бербейт. Көрсөтүлгөн шайлоо участкаларында берилген шайлоочулардын негизги тизмесиндеги “шайлоочунун колтамгасы” графасында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизалоо мамлекеттик борборунун адистеринин корутундусу (Адистердин корутундусу - №1-2623/01) боюнча добуш берген шайлоочулар үчүн негизинен ошол эле адамдар кол коюшкандыгы белгиленген, мындан тышкары шайлоочулар Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык  паспортун  көрсөтүүдө шайлоочулардын  кошумча тизмесине киргизилген.

            Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 46-беренесинин 5-пунктун,  4-пунктунун а) пунктчасын, 1-пунктту, 45-беренесинин 10-пунктунун а) пунктчасын, 10-беренесинин 1-пунктунун 3, 6, 28, 30- пунктчаларын, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 1, 3, 4-пунктчаларын    жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,  

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ

 

  • №015 (Челябинск ш., РФ),  №016 (Новосибирск ш.,) шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылсын.
  • Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине,  Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына мыйзамдын талаптарын бузууга жол берген адамдарга карата колдонуудагы мыйзамдарга ылайык тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн жөнөтүлсүн.
  •  Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
  •  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Ж.Баялиновго жүктөлсүн.
  •  

     

     

     

    ТӨРАГА                                                                              А. САРИЕВ

     Бишкек ш 2010-жылдын  1-ноябры

    №330

     

     

     

     

     

     

    Карап чыгуулар: (1820)