МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын чектеринен сырткары түзүлгөн айрым шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын чектеринен сырткары түзүлгөн №020 (Россия Федерациясы, Новосибирск ш.), №022 (Украина, Киев ш.), №029 (Германия Федеративдүү Республикасы, Берлин ш.), №030 (Германия Федеративдүү Республикасы, Франкфурт на Майне ш.), №033 (АКШ, Нью-Йорк ш.), №038 (Улуу Британия, Лондон ш.), №039 (Швецария, Женева ш.), №043 (Иран, Тегеран ш.), №044 (Бириккен Араб Эмираттары, Дубай ш.) шайлоо участкаларынан келип түшкөн шайлоо документтерин текшерүүнүн натыйжалары боюнча “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 22-беренесинин 2-,5-, 7-, 8-,10- пункттарынын, 23-беренесинин 5-пунктунун, 40-беренесинин 3-,4-пункттарынын талаптарын бузууларга жол берилген, алар шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жыйынтыктарын так аныктоого мүмкүндүк берген жок. Көрсөтүлгөн шайлоо участкаларында берилген  шайлоочулардын тизмелери номерленген эмес, боолонгон эмес жана чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилеринин колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн эмес экендиги аныкталды, ошондой эле шайлоочулар Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун көрсөтүүдө шайлоочулардын кошумча тизмесине киргизилген.     

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 46-беренесинин 1-пунктун, 4-пунктунун а) пунктчасын, 5-пунктун, 45-беренесинин 10-пунктунун а) пунктчасын, 10-беренесинин 1-пунктунун 3-,6-,28-, 30-пунктчаларын, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 1-,3-,4-пункттарын    жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Кыргыз Республикасынын чектеринен сырткары түзүлгөн №020

(Россия Федерациясы, Новосибирск ш., №022 (Украина, Киев ш.,) №029 (Германия Федеративдүү Республикасы, Берлин ш.), №030 (Германия Федеративдүү Республикасы, Франкфурт на Майне ш.), №033 (АКШ, Нью-Йорк ш.), №038 (Улуу Британия, Лондон ш.), №039 (Швейцария, Женева ш.), №043 (Иран, Тегеран ш.), №044 (Бириккен Араб Эмираттары, Дубай ш.) шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктары  жараксыз деп табылсын.  

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына шайлоочулардын тизмелерин түзүү үчүн жооптуу чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилерине карата колдонуудагы мыйзамдарга ылайык тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн жөнөтүлсүн.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Ж.Баялиновго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                        А. САРИЕВ

Бишкек ш.,  2010-жылдын 28-октябры

№322

 

Карап чыгуулар: (1403)