МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

Ош шаарынын № 5290 шайлоо участкасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө

Ош шаарынын шайлоо участкаларынан келип түшкөн шайлоо документтерин текшерүүнүн натыйжасы боюнча № 5290 шайлоо участкасынын шайлоочулардын негизги тизмесинен 891 шайлоочунун ким экендигин тастыктаган документтердин сериялары жана номерлери жоктугун көрсөткөн, “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кодекстин 40-беренесинин 3, 4-пункттарын одоно бузуулар табылган. Ошондой эле негизги тизмеде шайлоочулардын жасалма колтамгалары бир жана ошол эле адамдар тарабынан коюлган фактысы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизалоо мамлекеттик борборунун  адистеринин корутундусунда (Адистердин корутундусу - №1 – 2623/01) белгиленген жана тастыкталган.

             “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кодексти жогоруда көрсөтүлгөн бузуулар № 5290 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын ишенимдүүлүгүн аныктоого мүмкүнчүлүк бербегендигине    байланыштуу, “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кодекстин 46-беренесинин 4 жана 5-пунктарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  

 1. Ош шаарынын № 5290 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылсын.

2. Ушул токтом колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, бузууларга жол берген адамдарга карата тийиштүү чара көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.

 4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү К.С. Сооронкуловага жүктөлсүн.

 

 

 

 

 ТӨРАГА                                                                                            А. САРИЕВ

Бишкек ш., 2010-жылдын 30-октябры

№325

 

 

 

Карап чыгуулар: (1382)