МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларынын тактыгын текшерүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген колтамга баракчаларындагы маалыматтардын жана колтамгалардын тактыгын текшерүүдө талапкерлердин бардыгына бирдей шартты камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 52-беренесинин 8-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 5-июлундагы № 5 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу тартиби жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген кол коюу барактарындагы колтамгалардын жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү жөнүндө” Нускаманы жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген колтамгалардын баракчаларындагы маалыматтардын жана колтамгалардын тактыгын текшерүү кокус тандап  алуу (чүчүкулак) аркылуу ишке ашырыла тургандыгы аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ар бир талапкерди колдоого чогултулган колтамга баракчаларындагы  пропорционалдуу берилген  маалыматтарды жана колтамгаларды тактоо 20% бөлүгүн кокус тандап алуу менен белгиленсин.

3. Ушул токтом 2011 – жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыгын аныктаганга чейинки мезгилге  колдонулат.

4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                             Т. АБДРАИМОВ

Бишкек ш., 2011-жылдын 5-сентябры.

 

№  223 

Карап чыгуулар: (1967)