![]() Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы жерлерде шайлоону уюштуруу жана эл аралык байкоочулар менен иштөө боюнча жумушчу топ жөнүндө |
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүн, 10-беренесинин 1-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2, 29-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы жерлерде шайлоону уюштуруу, эл аралык байкоочулардын шайлоого катышуусун уюштуруу боюнча маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы жерлерде шайлоону уюштуруу жана эл аралык байкоочулар менен иштөө боюнча жумушчу топтун курамы бекитилсин (тиркелет). 2. Жумушчу топтун жетекчилигине Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Ж.Баялинов бекитилсин. 3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Журабаевага жүктөлсүн.
Төрага Т. Абдраимов
Бишкек ш., 2011-жылдын 13-июлу № 20
Тиркеме Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 13-июлундагы №20 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы жерлерде шайлоолорду уюштуруу жана эл аралык байкоочулар менен иштөө боюнча жумушчу топтун курамы
Жумушчу топтун жетекчиси: Баялинов А.Ж. – КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Жумушчу топтун мүчөлөрү: Исаков Б.С. – шайлоо технологиялары бөлүмүнүн башчысы; Кутуева Л.А. –шайлоо технологиялары бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; Давкина Н.Н. – шайлоо технологиялары бөлүмүнүн сектор башчысы.
|
Карап чыгуулар: (1951) |