![]() 2010-жылдын 10-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына келип түшкөн даттанууларды жана арыздарды карап чыгуу жөнүндө |
Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 46-беренесинин 1-пунктунун экинчи абзацына ылайык жана Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 10-беренесинин 1-пунктунун 3- жана 6-пунктчаларын, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2010-жылдын 10-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына келип түшкөн даттануулар жана арыздар жөнүндө маалымат эске алынсын. 2. Маалымат Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын бюллетенинде жарыялансын.
ТӨРАГА А.САРИЕВ Бишкек ш., 2010-жылдын 31-октябры №329
|
Карап чыгуулар: (1127) |