МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

Н.Ж.Кудайбергеновдун даттануусун кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2011-жылдын 14-июнунда Н.Ж.Кудайбергеновдон Чүй областтык шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Т.Молдобаевдин иш аракетин мыйзамсыз деп табуу жана Чүй областтык шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 19-майындагы №12 жана 2011-жылдын 20-майындагы №13 чечимдерин жокко чыгаруу өтүнүчтөгү даттануу түшкөн.

2007-жылы Н.Ж.Кудайбергенов өзүнүн талапкерлигин Токмок шаардык кеңешинин депутаттыгына көрсөткөн, бирок шайлоочулардын жетиштүү добушун ала албай калып, мандатты алууга резервде турган.

2008-жылы Н.Ж.Кудайбергенов Чүй райондук кеңешине депутаттыкка шайланган.

2010-жылдын 24-майында Токмок шаардык кеңешинин депутаты А.В.Васиковдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу Н.Ж.Кудайбергенов Токмок шаардык кеңешинин депутаттыгына катталган.

2010-жылдын 23-сентябрында Чүй областтык шайлоо комиссиясынын катчысы В.Е.Гамкова кол койгон токтому менен Чүй райондук кеңешинин депутаты Н.Ж.Кудайбергеновдун депутаттык ыйгарым укуктары токтотулган.

2010-жылдын 24-майынан 23-сентябрга чейин Н.Ж.Кудайбргенов бир эле убакытта Токмок шаардык кеңешинин жана Чүй райондук кеңешинин депутаты болуп калгандыгына байланыштуу Чүй областтык шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 19-майындагы №12 чечими менен Токмок шаардык кеңешинин Промышленный шайлоо округу боюнча депутат Н.Ж.Кудайбергеновдун ыйгарым укуктары токтотулган.

Чүй областтык шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 20-майындагы №13 чечими менен бир адам бир гана айылдык, поселкалык, райондук же шаардык кеңештин депутаты боло ала тургандыгына байланыштуу ошондой эле жеке арызынын негизинде Чүй райондук кеңешинин №3 Шамшы шайлоо округу боюнча депутат Н.Ж.Кудайбергеновдун ыйгарым укуктары экинчи жолу токтотулган.

Н.Ж.Кудайбергеновдун даттануусун ар тараптуу жана обьективдүү кароо максатында жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 26-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

1. Н.Ж  Кудайбергеновдун даттануусун кароо боюнча төмөндөгү курамда жумушчу тобу түзүлсүн:

-Ашимов Н.А., Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү - жумушчу топтун жетекчиси;

-Абдукадыров К.А., Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү - жумушчу топтун мүчөсү;

-Абдыбекова Ж.М., юридикалык бөлүмдүн башчысы - жумушчу топтун мүчөсү;

-Аргымбаев М.И., уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары - жумушчу топтун мүчөсү.

2. Жумушчу топ эки жумалык мөөнөттүн ичинде колдо болгон бардык материалдарды изилдеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кароосуна тийиштүү чечимдин долбоорун берсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                     Т.АБДРАИМОВ

Бишкек ш., 2011-жылдын 12-августу

№111

 

 

Карап чыгуулар: (2632)