![]() Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодексти колдонуунун тартиби жөнүндө” 2011-жылдын 10-февралындагы №157-V токтомунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 78-беренесинин 3-пунктун, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
Т О К Т О М К Ы Л А Т 1.“Ата Журт” идеалисттик демократиялык саясый партиясынан” Кочкоров Улукбек Тойчубаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты деп катталсын. 2.“Ата Журт” идеалисттик демократиялык саясый партиясынан” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп катталган Кочкоров Улукбек Тойчубаевичке күбөлүк жана белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылсын. 3.Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын. 4.Аталган токтомдун аткарылышын контролдоо уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.
Төрага А.Сариев Бишкек шаары, 4-март 2011-жыл №10
|
Карап чыгуулар: (1965) |