МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодексти колдонуунун тартиби жөнүндө” 2011-жылдын 10-февралындагы №157-V токтомунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 78-беренесинин 3-пунктун, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т


  • “Ата Журт” идеалисттик демократиялык саясый партиясынан” Кочкорбаев Абдимуталип Калдарбаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты деп катталсын.
  • “Ата Журт” идеалисттик демократиялык саясый партиясынан” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп катталган Кочкорбаев Абдимуталип Калдарбаевичке күбөлүк жана белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылсын.
  • Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.
  • Аталган токтомдун аткарылышын контролдоо уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.
  •  

     

    Төрага                                                                                             А.Сариев

    Бишкек шаары,5-март 2011-жыл

    №12

     

     

     

    Карап чыгуулар: (2390)