![]() Кыргыз Республикасынын депутаттарын каттоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 28-январындагы № 130-V “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексин колдонуу Тартиби жөнүндө” Токтомунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 78-беренесинин 3-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Ата-Журт” Идеалисттик демократиялык саясий партиясынан” Коркмазов Хаджимурат Зулкарнаевич, “Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынан (КСДП)” Мадеминов Мурадыл Ганыевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталсын. 2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталган “Ата-Журт” Идеалисттик демократиялык саясий партиясынан” Коркмазов Хаджимурат Зулкарнаевичке жана “Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынан (КСДП)” Мадеминов Мурадыл Ганыевичке белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылсын. 3. Ушул токтом “Эркин Too” газетасына жарыялансын. 4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн
ТӨРАГА А. САРИЕВ Бишкек ш., 2011-жылдын 9-февралы № 3 |
Карап чыгуулар: (1947) |