![]() Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын каттоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына депутаттыкка талапкерлерден депутаттык мандантты алуудан баш тарткан “Республика” саясый партиясынан Байтереков Курманбек Анарбековичтен (2010-жылдын 5-ноябрындагы арыз), Зулпуев Абдивана Моминовичтен (2010-жылдын 5-ноябрындагы арыз), Каратаева Минавар Абдуллаевадан (2010-жылдын 5-ноябрындагы арыз), “Ата-Журт” Иделаисттик демократиялык саясый партиясынан Сулеманов Бахадыр Искаковичтен (2010-жылдын 21-декабрындагы арыз) кат жүзүндө арыз түшкөн. Бирок, 2011-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Сулейманов Бахадыр Искаковичтен депутаттык мандатты алуу тууралу мурда берилген арызды кайтарып алуу тууралу арыз түшкөн. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө Кодексин колдонуу тартиби жөнүндө” 2011-жылдын 10-февралындагы №157-V токтомунун негизинде, “Жарандардын даттанууларын жана арыздарын, сунуштарын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 7-пунктун, 9-беренесинин 9-пунктун, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын, Кыргыз Республикасындагы шайлдоо жөнүндөгү Кодекстин 78-беренесинин 3-пунктун, “Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
токтом кылат
Төрага А.Сариев Бишкек шаары, 14-февраль 2011-жыл №7 |
Карап чыгуулар: (2010) |