Саясий партиялардын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына “Республика”, “Мекен Ынтымагы”, “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы”, “Ар-Намыс”, “Бириккен элдик кыймылы” саясий партияларынан ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө келип түшкөн сунушту карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-, 22-, 24-пунктчаларына, 29-беренесинин 1-, 2-пунктарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Республика” саясий партиясынын ишенимдүү адамдары болуп 76 адам катталсын (тизмеси тиркелет). 2. “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынын ишенимдүү адамдары болуп 13 адам катталсын (тизмеси тиркелет). 3. “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынын ишенимдүү адамдары болуп 4 адам катталсын (тизмеси тиркелет). 4. “Ар-Намыс” саясий партиясынын Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустары боюнча ишенимдүү адамдары болуп 646 адам катталсын (тизмеси тиркелет). 5. “Бириккен элдик кыймылы” саясий партиясынын ишенимдүү адамы болуп Мамбетказиев Алмазбек Токтобекович катталсын. 6. Саясий партиялардын катталган ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
ТӨРАГАНЫН милдетин аткаруучу Ж. АКМАТОВ Бишкек ш., 2010-жылдын 25-сентябры № 278
|
Карап чыгуулар: (2381) |