МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке А.К.Мадумаровду каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 10-главасына ылайык, шайлоо күрөөсүн киргизүүнү тастыктаган документинин, Тил боюнча   комиссиянын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна  талапкерлердин берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча  Жумушчу топтун корутундуларынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 - беренесинин 1 – бөлүгүнүн 2 - пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн   Мадумаров Адахан Кимсанбаевич Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна  талапкер болуп катталсын.

2. Мадумаров Адахан Кимсанбаевичке  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна  талапкердин күбөлүгү берилсин.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына  жарыялансын.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси  Ж. А. Акматовго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                              Т. АБДРАИМОВ

Бишкек ш., 2011 - жылдын  20 - сентябры

№  264

 

 

Карап чыгуулар: (2038)