![]() Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке К.К.Ташиевди каттоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 10-главасына ылайык, шайлоо күрөөсүн киргизүүнү тастыктаган документинин, Тил боюнча комиссиянын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун корутундуларынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 - беренесинин 1 – бөлүгүнүн 2,19-пункттарын жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. «Ата-Журт» Мекенчил партиясы» саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуп катталсын. 2. Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин күбөлүгү берилсин. 3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж. А. Акматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2011 - жылдын 20 - сентябры № 263
|
Карап чыгуулар: (2115) |