МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Р.Карабаеванын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Р.Карабаевадан келип түшкөн документтерди карап чыгып “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүмүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүн 2, 19 пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум боюнча Борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Кыргыз Республикасынын Президенттин кызмат ордуна талапкер Ж.Ж.Сатыбалдиевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп, 1966-жылы туулган, Т.Сатылганов ат. Кыргыз улуттук филармониясынын Н.Тугелов ат. “Ак Марал” Мамлекеттик бий ансамблинин оркестринин артисти Мамытова Жылдыз Осмоновна катталсын. 

2. Мамытова Жылдыз Осмоновнага Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Р.Карабаеванын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышынын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн

 

 

 

ТӨРАГА                                                                  Т.АБДРАИМОВ 

Бишкек ш., 2011-жылдын  17-августу

№ 142

 

Карап чыгуулар: (1983)