![]() Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордунга талапкерлер Э.К. Булекбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына келип түшкөн документтерди, атап айтканда: Э.К. Булекбаевдин “Партия Зеленых Кыргызстана” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары катары шайлоого коюлууга ниети жөнүндө 2011-жылдын 12-июлундагы арызын, Э.К. Булекбаевди “Партия Зеленых Кыргызстана” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке көрсөтүү жөнүндө “Партия Зеленых Кыргызстана” саясий партиясынын съездинин 2011-жылдын 12-июлундагы протоколун, Э.К. Булекбаевдин финансы маселелери жана шайлоо боюнча анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2011-жылдын 14-июлундагы сунуштамасын, Г.П. Памированын, Н.У.Абдылдаеванын, Т.О. Курманалиевдин, К.К. Сыдыковдун, Т.Д. Сыдыковдун Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К. Булекбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү болууга макулдугу жөнүндө 2011-жылдын 14-июлундагы арызын карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К. Булекбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү болуп кактталсын: - финансы маселелери боюнча – Памирова Гүлнара Памировна, 1960-жылы туулган, “Табийгат” КУнун төрагасынын орун басары; - шайлоо боюнча – Абдылдаева Наргиза Уркасымовна, 1982-жылы туулган, И.Арабаев атындагы КМУнун алдындагы ГБИнин окутуучусу; - шайлоо боюнча – Курманалиев Талайбек Октябревич, 1962-жылы туулган, жеке адвокат; - шайлоо боюнча – Садыков Кубаныч Кумарбекович, 1985-жылы туулган, убактылуу иштебейт; - шайлоо боюнча – Садыков Тилек Жумалиевич, 1986-жылы туулган, убактылуу иштебейт. 2. Жогоруда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К. Булекбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин. 5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын кызмат ордуна талапкерлер тапшырган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жектекчиси Ж.А. Акматовго жүктөлсүн.
Төрага Т.Абдраимов Бишкек ш., 2011-жылдын 15-июлу № 29
|
Карап чыгуулар: (2202) |