МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.У.Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.У.Жапаровдон келип түшкөн документтерди карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.У.Жапаровдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:

-Жороев Жаныбек Токтоназарович, 1959-жылы туулган, убактылуу иштебейт;    

-Абдрахманов Алмазбек Ишенкадырович, 1977-жылы туулган, убактылуу иштебейт;

-Коноева Дильбара Орозбековна, 1986-жылы туулган, убактылуу иштебейт;

-Кутманбаев Элмир Абасканович,1962-жылы туулган, убактылуу иштебейт.

 2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.У.Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.

 

Төрага   Т. Абдраимов

Бишкек ш., 2011-жылдын 25-августу

№192

 

 

Карап чыгуулар: (2520)