![]() Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Т.Каримовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Т.Каримовдон келип түшкөн документтерди карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4- бөлүмүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1- бөлүмүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Т.Каримовдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын: - Касымбаева Камара, 1955 - жылы туулган, “Кырчын” журналынын кабарчысы; - Умарова Кизилгүл Эркинбаевна, 1985 - жылы туулган, убактылуу иштебейт. 2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Т.Каримовдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин. 3. Ушул токтомдун аткарылышынын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ Бишкек ш. 2011-жылдын 8-сентябры № 243
|
Карап чыгуулар: (2109) |