![]() Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Т.Каримовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К.Каримовдон келип түшкөн документтерди карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Т.Каримовдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын: - Абсатаров Абдыкадыр Тешебаевич, 1961-жылы туулган, жеке ишкер; - Беккелдиев Жеңиш Кенжеевич, 1974-жылы туулган, жеке ишкер; 2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Т.Каримовдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин. 3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Абдраимов Бишкек ш., 2011-жылдын 25-августу №189 |
Карап чыгуулар: (1895) |