![]() Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И.А.Масалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына келип түшкөн документтерди: “Кыргызстан коммунисттер партиясы” саясий партиясынын сьездинин 2011-жылдын 16-июлундагы протоколун, И.А.Масалиевдин анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2011-жылдын 18-июлундагы сунуштамасын, Л.А.Старостинанын жана Т.И.Галиевдин Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И.А.Масалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү болууга макулдугу жөнүндө арызын карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И.А.Масалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп: -финансылык маселелер боюнча - Старостина Лариса Александровна, 1946-жылы туулган, “Кыргызстан коммунисттер партиясы” партиясынын бухгалтери; -шайлоолор боюнча - Галиев Таалайбек Идрисович, 1958-жылы туулган, убактылуу иштебейт, катталсын. 2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И.А.Масалиевдин ыйгарымдуу өкүлүнүн каттоо күбөлүктөрү берилсин. 3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага Т.Абдраимов Бишкек ш, 2011-жылдын 19-июлу № 35 |
Карап чыгуулар: (2187) |