МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.М.Абышевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.М.Абышевден келип түшкөн документтерди карап чыгып “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүмүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүн 2, 19 пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум боюнча Борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:


 1. Кыргыз Республикасынын Президенттин кызмат ордуна талапкер А.М.Абышевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:

- Малдыбаева Гульсара , 1951-жылы туулган, пенсионер;

- Токтогулова Жылдыз Шаарлыковна, 1982-жылы туулган убактылуу иштебейт;

 -Доолоталиева Чолпон Сейитовна, 1968-жылы туулган, КР саламатыкты сактоо Министрлигинин Улуттук онкология борборунун дарыгери;

-Бейшенбиев Айзат Бектенович, 1969 –жылы туулган, “Байтик-Ынтымак” кооперативинин төрагасы;

- Укиева Азида Темиркуловна, 1979 -жылы туулган, жеке ишкер;

 - Садабаева Гулзина Ташиевна, 1959-жылы туулган, “Байтик -Ынтымак” кооперативинин бухгалтери;

 - Иманкулов Русланбек Рыскулович, 1967-жылы туулган, жеке ишкер;

 - Малдыбаева Айдай Ахматбековна, 1961-жылы туулган, жеке ишкер.

 2. Ушул токтомдун 1 - пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.М.Абышевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.

 3. Ушул токтомдун аткарылышынын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн

 

 

Төрага                                                                      Т.Абдраимов

Бишкек ш., 2011ж. 17-августу

№ 147

Карап чыгуулар: (2159)