![]() Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаевден келип түшкөн документтерди карап чыгып “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүмүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүн 2, 19 пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын Президенттин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын: финансылык маселелер боюнча: - Сатыгул кызы Надира, 1964-жылы туулган, “Медиа Форум” ААК башкы бухгалтери; шайлоо боюнча : - Кодуранова Асель Союзбековна, 1971–жылы туулган, “Кыргызтелеком” ААК директорлор Кеңешинин мүчөсү; - Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич, 1968-жылы туулган, убактылуу иштебейт; - Молдобекова Гулкан Сакимовна, 1964-жылы туулган, убактылуу иштебейт; - Касымов Насыржан Токтосунович, 1963-жылы туулган, “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоордук институтунун жетектөөчү инженери; - Касымбеков Нурбек Айтыевич, 1970-жылы туулган, жеке ишкер; - Сатаркулова Аида Токтобековна, 1970-жылы туулган, убактылуу иштебейт; - Каденова Зууракан Ажимаматовна, 1971-жылы туулган, Кыргыз-Өзбек университетинин маалымат-технологиялык билим берүү кафедрасынын доценти; - Берикбаев Болотбек Жумагулович, 1965-жылы туулган, убактылуу иштебейт; - Саматов Таштемир Эргешович, 1951-жылы туулган, убактылуу иштебейт. 2. Ушул токтомдун 1 - пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин. 3. Ушул токтомдун аткарылышынын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2011ж. 17-августу № 141 |
Карап чыгуулар: (2298) |