![]() Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.С.Байгуттиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.С.Байгуттиевден Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына түшкөн документтерин карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.С.Байгуттиевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын: - Шериппаев Култашыр Сулайманович, 1947-жылы туулган, убактылуу иштебейт; - Өмүралиев Канатбек Мансурович, 1963-жылы туулган, “Sparkl company LTD” ЖЧК директору; - Байкожоев Болот Мукашевич, 1949-жылы туулган, убактылуу иштебейт; - Мурзулуков Нуритдин Исамидинович, 1962-жылы туулган, “Nurat Travl” ЖЧК директору; 2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.С.Байгуттиевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүктөрү берилсин. 3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин берген документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж. А. Акматовко жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2011-жылдын 15-августу № 115 |
Карап чыгуулар: (1974) |