МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.С.Дыйкановдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.С.Дыйкановдон Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына түшкөн документтерди карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы,

                                                 

ТОКТОМ  КЫЛАТ: 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.С.Дыйкановдун  ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп  төмөнкүлөр катталсын:

-Мураталиев Акылбек Кадырович, 1957-жылы туулган, убактылуу иштебейт;

-Батырканов Ыйманбек Аманидинович, 1978-жылы туулган, “Темирлан” ЖЧКнын туризм боюнча менеджери;

-Дүйшеев Максат Кубанычбекович, 1975-жылы туулган,  “Темирлан” ЖЧКнын директору;

-Дыйканов Жеңишбек Сабырович, 1957-жылы туулган, убактылуу иштебейт;

-Маматаев Улукбек Калмаматович, 1974-жылы туулган, “Кыргыз Күрөш” федерациясынын вице-президенти;

-Чындыралиев Эрмамат Нурмаматович, 1982-жылы туулган, “Кара-Балта спирт заводу” Мамлекеттик ишканасынын айдоочусу;

-Раимжан уулу Кызматбек, 1976-жылы туулган, убактылуу иштебейт;

-Аманкулов Жолдошбек Жанжигитович, 1980-жылы туулган, “Учур” театрынын актеру.

2. Ушул токтомдун 1- пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.С.Дыйкановдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүктөрү берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин берген документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси  Ж. А. Акматовко жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                              Т. АБДРАИМОВ

Бишкек ш., 2011-жылдын 10-августу

№ 95

Карап чыгуулар: (2168)