![]() Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.М.Калбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.М.Калбаевден Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына түшкөн документтерди карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.М.Калбаевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын: - Тажибаев Абдулхаким, 1957-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин алдындагы протездик-ортопедиялык бюмдар Республикалык ишканасынын Ош филиалынын директору. 2. Тажибаев Абдулхакимге Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.М.Калбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин. 3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин берген документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж. А. Акматовко жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2011-жылдын 15-августу № 120
|
Карап чыгуулар: (1874) |