МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.Ж.Сатыбалдиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.Ж.Сатыбалдиевден Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына түшкөн документтерди карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук  комиссиясы,

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.Ж.Сатыбалдиевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын:

-Осмонов Турсуналы Токтосунович, 1953-жылы туулган, “Кыргыз темир жолу” УКМИнин экономисти;

2.  Осмонов Турсуналы Токтосуновичке Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.Ж.Сатыбалдиевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.Ж.Сатыбалдиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү катары, Молдобаев Шекербекти, 1951-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын министри – Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директорунун кеңешчиси, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 2-пунктуна ылайык каттоодон баш тартылсын.   

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин берген документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси  Ж. А. Акматовко жүктөлсүн.

 


ТӨРАГА                                                                             Т. АБДРАИМОВ

Бишкек ш., 2011-жылдын 15-августу

№ 123

 

Карап чыгуулар: (2389)