![]() Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн документтерди: К.К.Ташиевди Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке көрсөтүү жөнүндө “Ата-Журт” саясий партиясынын съездинин протоколун; ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө К.К.Ташиевдин сунуштамасын; Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү болууга макулдугу жөнүндө арыздарды карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевдин финансылык документтерге кол коюу укугу бар ыйгарым укуктуу өкүлү болуп, Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, 1967-жылы туулган, “Крораль” ЖЧКнын бухгалтери, катталсын. 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп, Бөрүбаев Самат Парматович, 1957-жылы туулган, убактылуу иштебейт, катталсын. 3. Жогоруда көрсөтүлгөн адамдарга ыйгарым укуктуу өкүлдүн каттоо күбөлүгү берилсин. 4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Абдраимов Бишкек ш., 2011-жылдын 11-июлу № 27 |
Карап чыгуулар: (2268) |